Казак тилин үйрөнүүгө кызыккан ар кайсы улуттун өкүлдөрү барган сайын көбөйүүдө. Алар үчүн атайын курстар бар. Мисалы, Актөбедеги казак тили борборунда мекендештер менен башка улут өкүлдөрүнө башталгыч жана профессионалдык деңгээлдеги курстар сунушталат. Мында оффлайн, онлайн да окуп жаткан чет элдиктер бар.
Мындай курстарга катышып жаткандардын бири Сулико Тетемадзе. Анын пикиринде, ар бир казак мамлекеттик тилди билиши керек. Бул заманбап реалдуулуктун талабы гана эмес, өзүң жашаган өлкөгө болгон урмат-сыйдын белгиси болуп саналат. Андыктан ал, тил курстарынан өткөндөн кийин, бүт үй-бүлөсүн сабакка алып келүүнү көздөп жатат.
Сулико Тетемадзе, Актөбе шаарынын тургуну:
Эң башкысы - баштоо. Кийин акырындап досторумду, туугандарымды чакырам. Мисалы, мен каалоо айтканда таң калтыргым келет. Менден муну эч ким талап кылбайт, мен муну өзүм каалайм. Башкаларды казак тилин үйрөнүүгө чакырам.
Малика Мырза казак тилин окутуу курсун ачып, иштеп жаткан сегиз ай ичинде көптөгөн башка улуттардын өкүлдөрү менен иштешип келет.
Малика Мырза, долбоор жетекчиси:
Мен казак тилинин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө кандайдыр бир салым кошкум келип, бул автордук долбоорду иштеп чыгууга кириштим. Программа жөнөкөйдөн татаалга чейин тапшырмаларды бириктирүү менен түзүлөт. Бизде орус тилдүү, орус улутундагы аудитория бүгүндөн тартып топтолуп жатат.
Бул курска катышуучулар эч кандай акы төлөбөйт. Андыктан жалган куран айында ачылгандан бери казак тилин үйрөнүүнү каалагандардын саны арткан. Сабактарды онлайн режиминде да окууга болот. Мындай лекцияларга Орусиядан 60 жаран үзгүлтүксүз катышат. Негизинен Оренбург, Орск, Омск, Курган, Астрахань, Челябинск жана башка шаарлардан кошулат. Борбор ачылгандан бери 20 миңден ашык адам тил үйрөндү. Алардын 25 пайызы башка улуттун өкүлдөрү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков