Казакстан үч мамлекет менен чек арадагы чектөөлөрдү алып салат

Казакстан үч мамлекет менен чек арадагы чектөөлөрдү алып салат

Бүгүнтөн тарта Казакстандын Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия менен кургактагы чек араларына коюлган чектөөлөр алынат. Эске салсак, мындай чечимди коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча мекемелер аралык комиссия чын куран айынын 6да кабыл алган. Муну менен катар, Казакстандын мамлекеттик чек арасынан аба аркылуу өтүүгө коюлган чектөөлөр да жоюлду. Ошол эле учурда, Казакстандыктар жана өлкө аймагында жашап турууга уруксаты бар чет элдиктерге жана чет өлкөлүк жарандарга ПЧР-ыкмасы боюнча COVID-19га каршы тестинин терс натыйжасы жөнүндө күбөлүктү же вакцинациялоо паспорттору өз ара таанылган шартта коронавируска каршы эмдөөнүн, ревакцинациялоодон өткөндүгү тууралуу документти милдеттүү түрдө көрсөтүү боюнча талаптар сакталып калат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков