Алматыдагы Eurasian Film Marketинде жаңы казакстандык кинолор тааныштырылды

Аймактык рынокко казакстандык кинолорду алып чыгуу, жаңы долбоорлорду тартуулоо, режиссёрлордун мүмкүнчүлүктөрүн айтуу жана албетте бизнес байланыштарды түзүү. Мындай мүмкүнчүлүк ата мекендик өнөр жай өкүлдөрүнө Алматыда өткөн Евразиялык кино базарында болду.  Биринчи эл аралык кино рыногу КМШ өлкөлөрүнөн жана Европадан 250 продюсерди, дистрибьюторлорду, стримингдик платформалардын жана кинокомпаниялардын өкүлдөрүн чогултту. Жаңы аянтчада катышуучуларды казак чыгармалары – Асхат Кучинчирековдун «Бооруна кысуу», Данияр Ибрагимовдун «Бүркүт» экшн триллери, Адилхан Ержановдун «Керик» жана «А-Студионун» ырларынын негизинде тартылган Фархат Шариповдун «Сүйүү солдаты» мюзикли менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Борбор Азиянын студиялары ар кыл жанрдагы тасмаларын тартуулашты. Жалпысынан программада Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген 100дөн ашык эмгек сунушталды.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков