Белгороддо Улуу ата мекендик согушта курман болгон казакстандык дагы бир жоокердин сөөгү табылды

Белгороддо Улуу ата мекендик согушта курман болгон казакстандык дагы бир жоокердин сөөгү табылды

Дээрлик 80 жылдан кийин Улуу ата мекендик согушта курман болгон дагы бир казакстандык жоокердин сөөгү табылды. Серик Смаилов фронтко 22 жашында барган. Бирок андан көп өтпөй туугандары менен байланыш үзүлүп калган. Архивдик документтерден ал Сталинград алдында согушканы белгилүү болду. Курск салгылашуусуна дагы катышкан Серик үчүн ал акыркы согуш болгон. Андан кийин Серик Смаилов жөнүндө эч маалымат сакталган эмес.

Мурат Утемисов, Серик Смаиловдун небереси:

- Бир нече жыл мурда Москвада жашап турганда маалыматтарды издей баштадым. Орусия коргоо министрлигине расмий сурам жөнөттүк жана ал жактан 1942-жылы Сарысу аскер комиссариатынан чакырылган Смаилов Серик Белгород облусунун Шебекин районундагы Безлюдовка айылында жалпы көрүстөнгө көмүлгөнү жөнүндө жооп келди. Мурда ал Курск облусу деп аталган. Анан ал маалыматтарды текшерип баштадым жана анын жубайынын аты Багиля экенин билдим. Алар менин чоң атам жана чоң энем.

Асаналы Ашимов, актёр:

- Серик атанын мүрзөсү табылды дегенде, биз ал согуштан кайтып келгендей кубандык. Бала сыяктуу сүйүндүк. Анын мүрзөсүнөн бир ууч топуракты анын мекенине алып келишти. Серик ата жана менин атам Ашым – бир тууган. Экөө тең согуштан кайткан эмес. Атам дагы деле дайынсыз жоголгондор катарында.