Казакстандык окуучулар мугалимдерден кошумча сабак ала алышат. Дистанттык окутуу учурунда программадан калып калган окуучуларга мектепке келип, кошумча сабак алууга уруксат берилет. Бул тууралуу мекеме башчысы Асхат Аймагамбетов Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, кошумча сабак ала турган окуучулардын саны 5 адамдан ашпашы керек. Ошондой эле, сабактар бир гана мектеп окуучуларына керек болгон учурда мугалимдердин демилгеси менен өткөрүлөт.
АСХАТ АЙМАГАМБЕТОВ, КАЗАКСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ:
- Дистанттык окутууга өткөндөн бери биз балдардын билим деңгээлин ар дайым көзөмөлдөп келебиз. Бул абдан маанилүү. Биздин мугалимдер сабак учурунда окуучулар кайсыл жерден кыйналып жаткандыгын билишет. Ошондуктан биз баланын белгилүү бир сабак менен алпурушуп жүргөнүн билгенден кийин аларды мектепке чакырабыз. Ага ылайык, эгер алар өздөрү каалоолорун билдирсе, аларды мектепке чакырып, кошумча сабактарга катыштырабыз.
Белгилей кетсек, коронавирус инфекциясынын таралуусун алдын алуу боюнча мекемелер аралык комиссия үчүнчү чейректе балдарды онлайн режимде окууга уруксат берүү чечимин кабыл алган. Бир гана мектеп бүтүрүүчүлөрү, тагыраак айтканда, 9-жана 11-класстын окуучулары гана окушат. Сабактардын 70% салттуу форматта, ал эми 30% аралыктан окутулат. Быйылкы жылкы көңүл ачууга, спорттук жана массалык иш-чараларга да катышууга тыюу салынды. Башкача айтканда, бул жолу мектеп окуучулары үчүн жаңы жылдык балаты болбойт.