Казакстандын улуттук бренди - сиверс алмасы

Казакстандын улуттук бренди - сиверс алмасы

Казакстандагы бул реликттик дарактардын жалпы фондунун жарымы ушул коруктун аймагында топтолгон. Жер жүзүндөгү бардык алмалардын түпкү сортунун эстен кеткис жана кооз гүлдөрүнөн ырахат алуу үчүн  Казакстандын бардык булуң-бурчтарынан жана чет өлкөлөрдөн меймандар келишет. Бул жылы иш-чарага эки миңден ашык адам катышты. Саякатчылар гүлдөгөн бактарга карап гана тим болбостон, атайын уюштурулган туристтик маршруттарды да пайдалануу сунушталат. Уюштуруучулардын айтымында, мөмөлүү дарак жапон сакурасына окшошуп Казакстандын улуттук брендине айланып бара жатат.

Марат Кабиев, «Жонгар-Алатау» мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын башкы мүдүрү:

- Бүгүнкү күндө паркта 11 туристтик маршрут жана 2 экологиялык трасса иштейт. Алардын ичинен албетте, өзгөчө орунду Сиверс алма дарагынын жапайы жемиш плантациялары өскөн жерлеринде туристтик маршрут ээлейт. Бул илимий-билим берүүчү тур деп аталат. Ал эми бул каттам бугу айынан тогуздун айына чейин ачылат. Бугу айында алар кантип гүлдөп жатканын так көрө аласыз. Менимче, Сиверс алма дарагы Жапонияда өсө турган сакурадан кем эмес гүлдөйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков