Улытауда ачык асман алдындагы музей пайда болот

Улытауда ачык асман алдындагы музей пайда болот

Улытауда ачык асман алдындагы музей пайда болот. Анын так ортосуна Жочу хандын күмбөзү орнотулат. Азыр тарыхый-маданий комплекстин курулушу аяктоо алдында турат. Күмбөзгө барууну каалаган туристтер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Эң башкысы, курулуш учурунда күмбөздүн тарыхый архитектурасы сакталган. Ал эми короосу көрктөндүрүлүп, аянтка Жочу Хандын чоң эстелиги тургузулган. Чок ортосунда визуалдык галереялар, чөлкөм тарыхынан кабар берген музей, азем-белектерди саткан дүкөн иштейт жана жээгинде этно-шаарча пайда болот.

Бактияр Кожахметов, «Улытау» улуттук тарыхый-маданий жана табигый корук-музейинин мүдүрү:

- Жочу - Чыңгыз хандын тун уулу. Бардык казак хандары Жочу хандын урпактары, Чыңгызхандын башка уулдарынан эмес, дал ушул Жочу хандан тараган. Биз анын ысымы, ушул комплекс аркылуу туристтерге жана дүйнө жүзүнө көчмөн маданияты дүйнөлүк цивилизацияга чоң жетишкендик алып келгенин айткыбыз келет.

Ыйык жайга туристтерди көбүрөөк тартуу максатында Улытауда болуп көрбөгөндөй «Саякат борбору» курулган. Ага республикалык бюджеттен 546 миллион теңге бөлүнгөн. Мында мейманкана, музей, китепкана, маалымат залы, ал тургай балдардын ойноочу бөлмөсү бар. Борбор бир эле учурда 100 адамды кабыл ала алат.

Аман-Серик Есенгалиулы, музей кызматкери:

- Азыркы учурда ушул деңгээлде 2 туристтик агенттик менен иштеп жатабыз. Ал эми негизги биздин расмий сайтыбызда өзүбүздүн туристтик багыттарыбыз жайгаштырылган. Бизде 25 комплекс бар, алардын бардыгы сайтта жайгаштырылган.

Касиеттүү Улытау жеринде 6 миңге жакын эстелик бар. Бүгүнкү күндө анын 20 пайызы изилденип, мамлекеттин коргоосуна алынган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков