Түркестан облусунда байыркы көрүстөндүн орду табылды

Түркестан облусунда байыркы көрүстөндүн орду табылды

Түркестан аймагында байыркы Каңлы мамлекетинин дооруна таандык эки көрүстөн аныкталды. Алар эки чакырымдай аралыкта көмүлгөн жана бири-бирине абдан окшош. Археологдордун айтымында, мурунку көрүстөндөр менен салыштырганда 5 метр тереңирээк көмүлгөн. Окумуштуулар мындан башка дагы бир табылгага туш болушту. Алар 400 мончок тизилген шуру жана акак ташы бар күмүш шакек ошондой эле кирпик бойоого арналган буюм таап алышкан. Бирок адистерди чындап таң калтырган жасалгалар эмес, карапа буюмдар. Кумуралардын 2000 жылдык тарыхына карабастан, алар кечээ эле жасалгандай абалын сактап келишкен. Оймо-чиймелери менен кумура  формаларын карап көрсөк, ошол замандагы карапа өндүрүш өтө жогорку деңгээлде болгонун көрүүгө болот.

Александр Подушкин, профессор, археолог:

Мындай кумураны биз биринчи жолу көрүп жатабыз. Буга чейин эч качан болбогон нерсе. Формасы башкача. Мойну узун. Каңлы эли ага бир суюктук сактаган сыяктуу. Касиеттүү суу болушу да мүмкүн. Эстетикалык жактан абдан кооз. Азыр да турмуш-тиричиликте колдонсо болчудай.

Аружан Турдыбекова, студент:

Көрүнүп тургандай, сөөктөр калың. Ал кезде адамдардын денеси чымыр болгондугун, алардын узун бойлуу экенин байкоого болот. Жада калса аялдар дагы чоң болгон.

Окумуштуулар зергерчилик буюмдарындагы белгилер жана жазуулар казак элинин этногенези боюнча баалуу маалыматтарды берерине ишенишет. Алар табылган идиш-аяктардагы белгилер бир катар казак урууларынын символдоруна абдан окшош экендигине көңүл буруп жатышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков