Казак элинин байыртадан тамыр жайган эски жана кайталангыс обондору чет элдик угуучулардын да жүрөгүн багындырып келгени маалым. Чыгармачылык жамааттын ар бир гастролу аншлаг менен өткөндүгү мунун айкын далили. Бул түшүнүктүү – анткени ансамблдин катышуучулары байыркы казак улуттук аспаптарынын үнүн кайра жарата алышты. Буга музыканттардын чеберчилигин кошууга болот. Алар бир нече аспаптарда кол ойнотуу менен катар ырдаганды да мыкты өздөштүрүшкөн. Бул жолу артисттердин репертуары да бир кыйла кеңейди: сапарга арналып жазылган чыгармалар кошулду.
Серик Нурмолдаев, «TURAN» этно-фольклордук ансамблинин солисти:
Биз эки багытта жаңы программаларды киргиздик. Анткени Турандын ушул 15 жыл ичинде жасаган атактуу чыгармалары менен катар биз Ноорузга баргандан кийин түрк элдеринин белгилүү ырларынан түзүлгөн поппури болгон чыгарманы жараттык. Андан кийин Ноорузга карата атайын уюштурулган АКШнын Мамлекеттик департаментинде бет ачарын өткөрдүк. Элге жакты окшойт. Мисалы, Америкада биз ар кандай аудиторияда концерт койгонбуз. Биринчиден, албетте, кандаш агаларыбызга концерт берип кайттык. Айта кетсек концертке сагынып келген казак боордошторубуздун баары ыйлап, чынын айтсам коштошкулары келген жок.
- Максат Медеубек, «TURAN» этно-фольклордук ансамблинин солисти:
- Европада программалардын бир нече түрү бар. Алардын бири Турандын концерттик программасы, казак композиторлорунун чыгармалары, элдик композиторлордун обондору. Экинчи программа - замандаш Раимкулова Актоты Рахметулак кызынын атайын композициясы. Бирөсү тогуз жыл мурун чыккан. Экинчиси бул сапар үчүн атайын жазылган чыгарма. Ошондой эле концертте «Казакконцерт» уюмунун артисттери өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков