Эми француз тасмалары казак тилинде көрсөтүлө баштайт. Ата мекендик көрүүчүлөргө дубляждалган чет элдик тасмалар француз премьерлеринин жумасынан кийин тартууланат. Казакстандагы Франция элчилигинин маалыматы боюнча, салттуу иш-чара ушул жылдын тогуздун айына пландаштырылган. Улуттук киносун колдоо борбору менен бешинчи республиканын улуттук кинематография жана анимация борбору Канндагы эл аралык кинофестивалдын алкагында кызматташуу боюнча кошумча келишимге кол коюшкан. Тараптар кинопродукцияларды эки тараптуу жайылтуу жана фильмдерди биргелешип чыгаруу тууралуу макулдашышты. Мындан тышкары, француздар Казакстандык картиналарга колдоо көрсөтүүгө даяр. Франциянын Улуттук кинематография жана анимация борборунун эксперттеринин биздин өлкөгө иш сапарлары уюштурулат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков