Каспийдин жээгинен тартылган сүрөт The Guardian аттуу эң таасирдүү чет элдик басылмалардын биринин версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты сүрөттөрүнүн катарына кирди. Бул тууралуу Маңгыстау облусунун акимчилиги билдирди. Актау шаарында өткөн «Талаа менен үндөш байыркы өнөр» кол өнөрчүлөр фестивалында тартылган кадр «Күндүн мыкты сүрөтү» деген абройлуу рубрикага жарыяланды. Фото редакциялык топтун кылдат тандоосунан өтүп, мыктылардын катарына кирди. Сүрөт улуттук каада-салттардын жана баалуулуктардын, Улуу талаанын казак искусствосунун атмосферасын ачык чагылдырат. Серепчилердин айтымында, сүрөттүн ийгилиги өлкөбүздүн бай маданий мурасы эл аралык аренада барган сайын катуураак жаңырып, Казакстанга болгон кызыгуунун өсүп жатканынан кабар берет.
Которгон: Назира Бегалиева

