«Бозжыра» капчыгайына туристтик обьект салынат

«Бозжыра» капчыгайына туристтик обьект салынат

Маңгыстау облусунда Бозжыра капчыгайында сапар-борбор курулуп жатат. Бул туристтик жай жылына 40 миңге чейин саякатчыны кабыл алат. Ал терең пайдубалды талап кылбаган бүктөлүүчү жеңил конструкциялардан курулган. Жердин кыртышына жараша имарат 400дөн 1000 ммге чейинки бийиктикте жайгашат. Аанда калдык сууну чыпкалоочу био тазалоо, таштандыларды сорттоо, күн шооласынан кубат алуу системасы каралган. Жаңы туристтик борбор учурдагы экологиялык талаптарга ылайык курулат. Долбоор боюнча капчыгайдын жогорку бөлүгүндө казак стилинде кооздолгон глэмпингдер, музей, көрүү аянтчалары жана чайкана орун алат. Бозжыранын этегинде да туристтик жайлар салынат. Долбоор авторлорунун айтымында, максаты-табигый ландшафтты жана маданий мурастарды сактоо, саякатчыларды көчмөн цивилизациялар дүйнөсүнө алып баруу, казак элинин тарыхын, каада-салттарын жана үрп-адаттарын жайылтуу.


Тилекши Мырзагалиев, Жаңыөзөн шаарынын тургуну:

- Бозжыра аймагы кийин мисалы Каспий деңизинин жээгинин бардыгын туристтик аймакка айландырса, Маңгыстау чөлкөмү Түркиядан кем болмок эмес. Туризм өнүккөн мындай багыттагы өлкө болор эле.

Аманжол Тасмагамбетов, Бостан айылынын тургуну:

- Маңгыстау эли колдойбуз. Өнүксүн. Бул деген дүйнө жүзүнө белгилүү болуп жатканыбыз. Маңгыстаудун жаратылышынын кооздугу, бардык тараптан көрүнүп турат. Бул демилгелер туризмдин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.

Курулушту Алматы облусунда Шарын, Көлсай, Аюсайда ушундай сапар туристтик борборлорду курган дүйнөлүк деңгээлдеги тажрыйбасы бар атамекендик компания жүргүзүүдө. Долбоорду 2026-жылдын аягына чейин аяктоо көздөлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков