Астанада Абай мурасына арналган китептердин бет ачары болду

Астанада Абай мурасына арналган китептердин бет ачары болду

Астанада акын жана агартуучу Абай Кунанбай уулунун мурасына арналган 24 жаңы китептин бет ачары болду. Уникалдуу изилдөөлөрдү тарых, адабият жана филология тармагынын адистери даярдаган. Акыркы үч жылда Абай атындагы академиянын окумуштуулары казактын улуу акыны жана ойчулунун чыгармачылыгына арналган 70тен ашык эмгекти жарыкка чыгарышты. Авторлордун айтымында, Абай көтөргөн маселелер бүгүнкү күндө да актуалдуу болууда.

Турсын Журтбай, филология илимдеринин доктору, Абай таануучу:

- Ушул убакка чейин 70тен ашык китебим чыгып, терең ой менен коштолгон Абай тууралуу 4 жылдык эмгегим аягына чыгып жатат. Анын негизги себеби, биз Абайды түшүнүп окуунун жаңы системасын тапкан сыяктуубуз. Ошондуктан бул эмгекти жыйынтыктоочу илимий докладда жарыялоону чечтим.

Жанна Курмангалиева, Л. Гумилев атындагы ЕУУнин проректору:

- Бул китептердин өзгөчөлүгү – Абайдын мурасы таптакыр жаңы көз караштан, жаңы контекстте каралат. Маселен, бул китептердин арасында Абайдын жана Европанын көрүнүктүү философ-ойчулдарынын чыгармаларын салыштырып талдоого арналган эмгектер да бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков