Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съезди – бул актуалдуу чакырыктарды талкуулоо менен гана чектелбестен, аларды чечүүнүн жолдорун биргелешип аныктоо мүмкүнчүлүгү. Өлкөнүн дин кызматкерлеринин айтымында, технологиялык тез өзгөрүүлөр шартында руханий багыттарды сактоо өзгөчө мааниге ээ. Ошол эле учурда, заманбап иштеп чыгуулар, анын ичинде жасалма интеллект, гуманисттик баалуулуктарды жайылтуу үчүн курал боло алат.
Александр, Астана жана Казакстан митрополити:
- Ыймандуу адам илимдин жетишкендиктерин четке какпайт. Анын жетишкендиктери, анын ичинде жасалма интеллект дагы адамдардын жыргалчылыгы үчүн кызмат кылышы маанилүү. Илим, билим берүү жана адеп-ахлактык агартуу жаатындагы кызматташтык дагы бир бириктирүүчү фактор болуп калышы мүмкүн. Казакстандын мисалы жана диний лидерлердин съездинин маанилүүлүгү тууралуу айта турган болсок, анын чечимдери андан ары өткөрүлүп, ар бир өлкөгө жана ар бир диний жамаатка жетишине кам көрүшүбүз керек.
Казакстандын диний конфессияларынын өкүлдөрү - бүгүнкү күндө жаштар арасында руханий баалуулуктарды жайылтуу өзгөчө мааниге ээ, анткени дүйнөнүн келечегин дал ушул жаңы муун аныктай турганын баса белгилешет. Быйыл Курултайдын алкагында жаш диний лидерлердин форуму өтүп, ал биринчи жолу иш-чаранын расмий бөлүгү болуп калат.
Ростислав Новгородов, Казакстандагы евангелиялык-лютеран чиркөөсүнүн епископу:
- Бул жолу мага сунушталган концепция абдан жакты – бул кургак докладдар эмес, жандуу баарлашуу, маселелерди жандуу талкуулоо, эркин микрофон. Теологиядагы көз караштарыбыздын айырмасына карабастан – Кудайга, куткарылууга жана башка нерселерге болгон көз караштарыбыз ар башка болсо да, бизди бир нерсе бириктирип турат. Биздин максат – татыктуу муунду тарбиялоо.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

