«Казак концерт» жаңы сезонун ачты

«Казак концерт» жаңы сезонун ачты

Өнөрдө чектөө жок. Казакстанда аяк оона айынын 28нен тогуздун айынын 3нө чейин 2-эл аралык «Алем саз» фестивалы өтөт. Борбор калаада Түркиядан, Жапониядан, Германиядан, Венгриядан жана башка өлкөлөрдөн келген түрдүү багыттагы уникалдуу музыканттар бир сахнада чогулушат. Музыка жана обон сынагы жакында гана көшөгөсүн ачкан «Казак концерт» уюмунун 63-сезонундагы алгачкы ири эл аралык иш-чара болмокчу. Бул тууралуу искусство борборунун жетекчиси Актоты Райымкулова билдирди. Бештин айында Астанада түрк элдеринин салттуу өнөрүнүн чеберлери жолугушат. Бирдиктүү чыгармачылык чөйрөнү түзүү максатында «Көчмөндөр ааламы» эл аралык фестивалында Казакстан, Түркия, Якутия, Венгрия жана Кыргызстандын музыканттары өз өнөрлөрүн тартуулашат. Кошумчалай кетсек, жаңы сезондо жергиликтүү сахна чеберлери дүйнө өлкөлөрүн кыдырып, казак өнөрүн дүйнөгө таанытышат.

Актоты Райымкулова, «Роза Багланова атындагы Казак концерт» мамлекеттик концерттик уюмунун мүдүрү:
-Албетте, бул 63-концерттик сезондо биз эл аралык гастролдорубузду өткөрүүнү пландап жатабыз. Биздин искусствонун жылдыздары, коллективдери жана жеке солисттери аталган мамлекеттерде ошондой эле Кытай, Түркияда, Францияда, АКШда, Сербияда жеке концерттерин, гала концерттерин тартуулашат деген үмүттөбүз.

Белгилей кетсек, өткөн сезондо ата мекендик искусство борборунун жамааты дүйнөлүк турненин алкагында бир нече эл аралык гастролдорго чыгышкан. АКШ, Бразилия, Түштүк Корея, Борбордук Азия жана Европа өлкөлөрүнүн өнөр сүйүүчүлөр коому 35 концертке жана 2 спектаклге күбө болушту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков