Маңгыстау: Туристтерди жана инвестицияны тартуу

Маңгыстау: Туристтерди жана инвестицияны тартуу

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында эле Мангыстау облусунун туризм тармагына рекорддук түрдө беш жүз миллиард теңгеге жакын инвестиция тартылды. Ошентип, аймак өлкөдөгү дараметтүү туристтик багыттардын ондугуна кирди. Алдыдагы беш жылда 300 миллиард теңгеден ашык туристтик 13 жаңы долбоорду ишке ашыруу мерчемделүүдө. Ошол эле учурда, 2024-жылга чейин жалаң жергиликтүү компаниялардын катышуусу менен сегиз долбоорду ишке киргизүү көздөлүп жатат.

Венера Мустапаева, Маңгыстау облусунун инвестициялар жана туризмди өнүктүрүү башкармасынын башчысы:

- Акыркы жылдары туризм тармагы аймакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калды. Мындан 10 жыл мурун негизинен кара алтын өндүрүү боюнча мунайга бай аймак болсо, азыр бул аймак мунай менен катар туристтик индустрияны багындырып келүүдө. Натыйжа көңүл жылытаарлык. Тармакка инвестиция тартуу туризмдин негизги макроэкономикалык көрсөткүчү болуп саналат. Мында биринчи кезекте көрсөтүлгөн кызматтар жана туристтердин агымын көбөйтүү сыяктуу аймакка келген туристтердин саны эске алынат. Дал ушул көрсөткүчтөр региондо жалпы туризмдин өнүгүшүн мүнөздөйт.

Туристтердин санына келсек, биринчи жарым жылдыкта Мангыстау облусуна 139 миңге жакын адам келген. 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу үч эсеге көп. Бул таң калыштуу эмес. Анткени, облуста туризмдин бардык тармагын өнүктүрүүгө бирдей көңүл бурулган. Аймакка келген ар бир саякатчы каалаганын табат. Бизнес, пляж, экология, маданий жана ыйык жерлерге зыярат кылуу сыяктуу багыттардын бардык түрүн тандоого болот.

Венера Мустапаева, Маңгыстау облусунун инвестициялар жана туризмди өнүктүрүү башкармасынын башчысы:

- Туризм инфраструктурасы тез өнүгө баштады. Жаңы жолдор салынып жатат. Деген менен аймактагы туристтердин агымы бир топ арта түштү. Айрыкча пляжда гольф клубдары жана соода борборлору курулууда. Быйыл Казакстанда алгачкы жолу жалпы КМШ мамлекеттеринде жок

оюн-зоок паркы колдонууга берилет. Уникалдуу формада курулган аттракцион эл аралык талаптарга толук жооп берет. Көпчүлүк адамдар пляжга баруучу жерди тандашат. Анткен менен ыйык жайга келип, касиеттүү жерлерди көрүүнү каалаган саякатчылардын катары көбөйүүдө.

Ыйык жерлерге казакстандыктар гана эмес, чет элдик меймандар да келишет. Алардын арасында Бекет ата, Шопан ата, Шакпак ата жана Султан Эпе сыяктуу жер астындагы мечиттер бар. Саякатчылар Босжора, Шеркала тоосу жана Торыш шаркыратмалар өрөөнү сыяктуу өзгөчө жерлерге барганды жакшы көрүшөт. Мангыстау аймагы керемет жер. Жакшыны көрүүгө демекчи, кызыгы менен кереметин сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес.

Которгон: Илгиз Жамалбеков