Казакстан келечеги зор туристтик багыттардын бири – медициналык туризмди өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Ал тургай бул үчүн атайын бирикме түзүлгөн. Ал бир эле учурда бир нече милдеттерди аткарат. Алардын эң негизгилеринин бири – аталган тармактагы мыйзамдык өзгөртүүлөрдү демилгелеп, бейтаптардын ата мекендик клиникаларга кайрылуусуна шарт түзүү.
Ержан Балтаев, Нур-Султан шаардык инвестициялар жана ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы:
- Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөбүзгө 5 миңге жакын медициналык турист келген. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Биздин негизги күчтүү медицина тармактарынын арасында стоматология бар, ошондой эле кардиохирургия, нейрохирургия, имплантация, кээ бир органдарды трансплантациялоо жана экологиялык уруктандыруу багыттары биздин артыкчылыктарыбыз болуп саналат.
“Kazakh Tourism” улуттук компаниясынын жетекчиси Талгат Аманбаевдин айтымында, чет элдик бейтаптар казакстандык клиникаларда дарыланууну жана диагностикадан өтүүнү бекеринен тандашпайт. Мунун бир нече себептери бар.
Талгат Аманбаев, «Kazakh torism» УК АК башкарма төрагасы:
- Артыкчылыктарыбызды айта турган болсом, биринчиден, баасы жагынан бизге салыштырмалуу түрдө арзан. Ошондой эле, табиятыбыз хирургиялык жана пластикалык операциядан кийин калыбына келтирүү үчүн пайдалуу. Жалпысынан чет элдик да, медициналык турист үчүн да баасы орточо. Бул абдан жакшы. Биз азыр сунуштап жаткан экинчи маселе – мамлекеттик колдоонун атайын чараларын түзүү. Мисалы, кайсы бир категорияга жооп берген санаторийлерге гана мамлекеттик буйрутма берүүнү сунуштап жатабыз. Тескерисинче, алар башкаларга караганда артыкчылыктарга ээ. Мен өз тарабымдан жаңы борборлорду өнүктүрүү үчүн атайын медициналык зонаны түзүүнү сунуштайм.
Адистердин айтымында, коңшу өлкөнүн жарандары республикага медициналык кызмат алуу үчүн көп келишет. Түшкөн каражат биринчи кезекте технологияларды жаңылоого жана медицина кызматкерлерин даярдоого жумшалат. Белгилей кетсек, Нур-Султан шаары чет өлкөдөн дарылануу үчүн келген бейтаптардын саны боюнча өлкөдөгү эң мыкты шаарлардын катарына кирет. Алдыңкы диагностикалык борборлор жана клиникалар анда топтолгон. JCI тарабынан аккредитацияланган 8 клиниканын 6сы борбор калаада жайгашкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков