Мамлекеттик окуу грантына өтүнүчтөрдүн 25% онлайн кабыл алынды

Мамлекеттик окуу грантына өтүнүчтөрдүн 25% онлайн кабыл алынды

Казакстанда мамлекеттик грантка кабыл алуу  теке айынын 22 де аяктады. Быйыл көпчүлүктүн өтүнүчү менен мөөнөтү эки күнгө узартылганын айта кетүү керек. Натыйжасында, мамлекеттин эсебинен жогорку билим  алууга 78 миңден ашык талапкер үмүт артат. Алардын 25% ниетин виртуалдык кабыл алуу  комиссиялары аркылуу  билдирген. Маселен, Гумилев атындагы Евразия Улуттук университетине келип түшкөн  3 миңден ашык өтүнүчтүн дагы үчтөн бири аралыктан жүзөгө ашкан.

Өмиржан Кокаев Л.Н. Гумилев атындагы ЕАУ кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы:

- Өлкөнүн алыскы аймактарындагы  мектеп  бүтүрүүчүлөрү  виртуалдык кабыл алуу  комиссиясы аркылуу өтүнүчтөрүн беришти. Биз  миңге жакын, тагыраак айтканда  950 өтүнүчтү ушул  виртуалдык  кабыл алуу  комиссиясы аркылуу алдык.

Быйыл өлкөнүнү жогорку окуу жайларында бекер окууга мүмкүндүк берүүчү  73 миңге жакын грант даярдалмак. Анын  60% техникалык адистиктерге  багытталган. Ошол себептен быйылкы бүтүрүүчүлөр тарабынан педогогикалык, медициналык адистиктер менен   катар техникалык кесиптерди дагы тандоо көбүрөөк түшкөн. Талдоо алардын бул кадамга эрте даярдана башташканын көрсөттү. 

Руслан Емелбаев  Улуттук тестирлөө борборунун директору:

- Жалпы бул көрүнүштү  талапкерлердин Улуттук Бирдиктүү тестти  тапшыруу  комбинацияларынан байкоого болот. Мисалы, тест  тапшыргандардын  28%  физика-математика комбинациясын,  18% химия-биологияны тандашкан. Жогоруда атап өткөн үч багытка ушул эки  комбинация дагы тийиштүү. 

Кимдин багы ачылып, билимин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болоору   баш оона айынын 10на чейин белгилүү болот. Айта кетүүчү жагдай, зарыл болгон баллды топтой албаган бүтүрүүчүлөр билимин кайра сынай алышат.  Жогорку билим алууга умтулгандар үчүн кийинки айда Улуттук Бирдиктүү    тест тапшыруунун дагы бир мүмкүнчүлүгү берилет.  Өтүнүчтөр  25нен  30на чейин кабыл алынат.  Ага чейин тапшырбаса акы төлөнүүчү негизде гана окуй алышат.

 

Которгон: Назира Бегалиева