Европада боз үй популярдуу болууда

Европада боз үй популярдуу болууда

Көчмөндөрдүн салттуу баш калкалоочу жайы болгон боз үйлөр Европада популярдуу болууда. Бүгүнкү күндө ал атактуу дүйнөлүк бренддердин мода дүкөндөрүн стилдештирүү үчүн тандалып келет. Саякатчылар жана туристтер көчмөндөрдүн баш калкалоочу жайын эс алуу, ар кандай үй-бүлөлүк жана майрамдык иш-чараларды өткөрүү жайы катары карашат. Мисал катары жаңы румыниялык мейманкананы айтууга болот. Бул жерде туристтерге кадимки мейманканалардын жана номерлердин ордуна казактын улуттук боз үйүнүн стилинде тигилген турак жай сунушталат. Турак жайдын негизги жасалгасы – түндүк. Түнкүсүн, түндүгү аркылуу коноктор жылдыздуу асманды жана булуттардын жылып бара жатканын көрө алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков