Автоунаасыз бир күн. Экологияга жакын казакстандыктар бүгүн темир
тулпарларын үйлөрүнө таштап, көздөгөн жерине жөө, шайтан араба же коомдук
транспорт менен келишти. «Таза Казакстан» акциясынын алкагында өтүп жаткан
иш-чара Маданият жана маалымат министрлигинин демилгеси. Максат - бардык
казакстандыктарды экологияга кам көрүү жана ага жоопкерчиликтүү мамиле жасоо.
Уюштуруучулар акцияга катышууну каалагандарды социалдык тармактарга видео
жүктөөгө жана тиешелүү хештег калтырууга чакырды. Бул шарттарды толук аткарган
жана биринчилерден болуп видео жүктөгөн 10 катышуучуну сыйлыктар күтөт.
Галымова Айдана, «Birgemiz: Taza
Alem» жалпы улуттук долбоорунун долбоордук менеджери:
-Бул акцияга 3 жылдан бери 1000ден
ашуун жаран катышып келет. Бул жылы акцияга корпоративдик жана бизнес сектор,
мамлекеттик уюмдар, ошондой эле улуттук компаниялар жана эко-ыктыярчылар активдүү
колдоо көрсөтүүдө. Негизинен биз жыл сайын айлана-чөйрөнү коргоону жакшыртууга
багытталган иш-чараларды өткөрүп келебиз. Ушул убакка чейин биз 200дөн ашык
иш-чара өткөрдүк жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эковолонтёрлордун 90дон ашык
демилгесин, ошондой эле «Таза Казакстан» республикалык акциясын колдодук.
Улуттук статистикалык бюронун
маалыматына ылайык, 2024-жылдын кулжа айынын 1не карата Казакстанда катталган
автоунаалардын саны 5 миллиондон ашты. Анын эки пайызы автобустарга тиешелүү.
Коомдук транспорт кийинчерээк электросамокаттар жана велосипеддерге
алмаштырылды. Экологияга жан тарткандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнөдө ар бир 10 адамдын тогузу зыяндуу аба менен дем алат. Учурда абанын булганышынын көрсөткүчү боюнча автоунаалар өндүрүш борборлорунан кийинки 2-орунда турат. Окумуштуулардын эсептөөлөрү боюнча, бир унаа жыл сайын атмосферага 600-800 кг көмүр кычкыл газын, 200 кг күйбөгөн углеводду жана 40 кг азот кычкыл газын бөлүп чыгарат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков