Казакстанда илим тармагын каржылоо 3 эсеге артты

Казакстанда илим тармагын каржылоо 3 эсеге артты

Казакстанда Санарип университет модели иштелип чыгууда. Бул тууралуу президентке Илим жана жогорку билим берүү министри билдирди. Саясат Нурбек Касым-Жомарт Токаевге жогорку билим берүү жана илимди өнүктүрүүнүн 3 жылдык концепциясын кабыл алганы тууралуу да маалымат берди. Документ аталган тармакты өнүктүрүүнүн стратегиялык милдеттерин жана көрсөткүчтөрүн аныктайт. Министрдин айтымында, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде жигердүү жылыштар байкалууда. Quacquarelli Symonds рейтингине 21 ЖОЖ, ал эми Times Higher Education рейтингине 4 университет кирди. Муну менен катар, жыл аягына чейин өлкөдө сегиз алдыңкы чет элдик жогорку окуу жайдын бөлүмдөрү иштей баштайт. Буга кошумча, эл аралык компаниялар менен биргеликте жасалма интеллект тармагында кадрларды даярдоо иши колго алынды. Саясат Нурбек бүгүнкү күндө Улуттук илимдер академиясынын ролу күчөп жатканын айтты. Президенттин алдындагы илим жана технологиялар боюнча улуттук кеңеш өз ишин баштады. Фундаменталдык изилдөөлөр менен алектенген илимий-изилдөө институттары түз каржыланат. Илим тармагынын 2023-2025-жылдарга арналган жалпы бюджети 3 эседен ашып, 643 миллиард теңгени түздү.

Саясат Нурбек, Илим жана жогорку билим берүү министри:
- 4 аймактык университеттин базасында атайын инжинирингдик борборлор курулат. Мындан сырткары, 15 ЖОЖдун базасында академиялык жана изилдөө борборлору ачылат. Лабораторияларды жабдуу процессине каражат бөлүндү. Илим жана технологиялык саясат тууралуу жаңы мыйзам долбоорунун алкагында окумуштууларды колдоо, инфраструктуралык өнүгүү жана илимди коммерциялаштыруу үчүн бизнести тартууга системалык шарт түзүү каралган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков