Серепчилер ШКУнун саммитинде кол коюлган 25 келишимдин мааниси тууралуу пикирлерин билдирди

Астана саммитинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин лидерлери маанилүү тармактарды өнүктүрүү боюнча 25 келишимге кол коюшту. Бул документтер тараптардын түрдүү маселелер боюнча өз ара кызматташтыгын арттырууга багытталган. Экология, логистика жана туризм тармагында бир катар келишимдер түзүлдү. Тажрыйбалуу серепчилер «Шанхай ондугу» мамлекеттери «үч зулумдукка» каршы күрөштү күчөтүү максатында компромисске барган документтер блогун өзгөчө баса белгилешти. Баарынын максаты бир.  Алардын ар бири жалпы мейкиндиктеги мамлекеттердин жалпы жыргалчылыгын жана улуттук кызыкчылыктарын эске алат. Маселен, Кызматташтыктын 2030-жылга чейин экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча атайын иш-чаралардын планы бекитилди. Өнөктөш өлкөлөр ошондой эле долбоордук иш-чараларды каржылык колдоо механизмдерин макулдашышты. Мамлекет башчылары бекиткен документтер тараптардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу менен жалпы структуранын гармониялуу иштешин камсыз кылат.

Ерсултан Жансейитов, дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчиси:

– Шанхай кызматташтык уюмунун экономикалык бөлүгүнө байланыштуу көптөгөн келишимдер түзүлдү. Анда Уюмдун алкагында улуттук валютадагы сооданын өсүшү боюнча макулдашуу камтылган.  Бул бүгүнкү күндө эң актуалдуу маселелердин бири. Кызматташтыкка мүчө өлкөлөр бирдиктүү бир пикирге келүүгө, биринчи кезекте Уюмдун алкагында жаңы каржы механизмдерин жана инфраструктурасын түзүүгө мезгил жеткен сыяктуу. Бул өз кезегинде бардыгы үчүн бирдей коопсуз жана натыйжалуу болушу керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков