Казак диаспорасы тилин жана маданиятын сактайт

Казак диаспорасы тилин жана маданиятын сактайт

Мындай пландар аталган мамлекеттеги казактардын улуттук-маданий автономиясында тузүлүп жатат. Коомдук уюм бир гана милдет менен чектелбестен, тилдин, маданияттын, каада-салттын сактоочусу катары да чет мамлекеттерде кызмат кылат. Жергиликтүү Достук үйүндө казактын белгилүү инсандарына арналган чыгармачылык иш-чаралар өтүп, жаштар «Шаттык» элдик бий ансамблинде эмгектенишет. Келечекте журналды казак тилинде чыгаруу планы бар.

Сагит Джаксыбеков, Татарстан Республикасындагы казак улуттук-маданий автономиясынын төрагасы:

- Казактардын улуттук-маданий автономиясынын ассамблеясы Татарстан элдеринин ассамблеясынын курамдык бөлүгү болуп саналат. Биздин алдыга койгон негизги милдет – тилди, маданиятты, каада-салтты, үрп-адатты сактоо.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда Татарстанда 1500дөй казакстандык студент билим алууда. Диаспора аларды колдойт, керек болгон учурда кеңеш беришет. Жыл сайын 1-курстун бардык студенттери Достук үйүнө чогулуп, бири-бири мене таанышышат.

Карина Кабдуллина, уюмдун жаштар канатынын төрайымы:

- Биздин милдет – өлкөнүн жаштары өз каада-салтын, түпкү тегин унутпоо үчүн алардын башын бириктирүү. Ошондой эле, алар үйүн, улуттук тамак-ашын сагынышса, биз ар кандай үй-бүлөлүк жолугушууларды уюштурабыз. Анда биз жөн гана казак ырларын ырдап, казак бийлерин бийлейбиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков