«Ботай» арт-галереясы ачылды

«Ботай» арт-галереясы ачылды

Петропавлда «Ботай» арт-галереясы ачылды. Эми ал аймактын туристтик багыттарынын бири болуп калат. Галереянын аталышы улуттук эски орундар тизмесине кирген «Ботай конушу» археологиялык жерине байланыштуу. Бул жерде алгач адамдар жылкыны колго үйрөткөнү илимий жактан далилденген. Эстелик б.з.ч. IV-III миң жылдыкка, энеолит дооруна таандык. Коноктор казакстандык сүрөтчүлөрдүн, ошондой эле заманбап кыл калем чеберлеринин, айкелчилердин, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен тааныша алышат. Келечекте дүйнөгө белгилүү чет элдик сүрөтчүлөрдүн картиналарын коомчулукка тартуулоо пландалууда.

Сембигали Смагулов, Казакстандын  эмгек сиңирген ишмери:

– Мындай көргөзмө залдары сүрөтчүлөр үчүн чоң талаа. Бул шаар өзүнүн муниципалдык көргөзмө залы болушу керек дегенди билдирет. Бул жерге сүрөтчүлөр, элдер келип, таанышышат.

Которгон: Назира Бегалиева