Астанада Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземи өттү

Борбор калаада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Салтанаттын ачылыш аземи Астана арена стадионунда өттү. Көчмөндөр цивилизациясынын бай маданияты менен таалим-тарбиялык тарыхын, каада-салттарын көрсөтүп, адамзаттын жалпы үйү – Жер энени сактоого үндөгөн ачылыш аземи бир нече эпизоддор менен коштолду. Дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурган иш-чаранын ачылышына түрк мамлекетинин жана уюмдарынын жетекчилери, ЮНЕСКОнун, Азиядагы Өз ара кызматташтык жана ишеним кеңешинин, дүйнөлүк туризм уюму жана башка абройлуу уюмдардын жетекчилери катышты. Салтанаттуу жыйында сөз сүйлөгөн  мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев көчмөндөр цивилизациясы дүйнө тарыхында өчпөс из калтырган уникалдуу маданият экенин белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Улуу талаа көчмөндөрү кең Евразияны байыртадан эле мекендеп келишкен. Алар дүйнөлүк өнүгүү процессине түп-тамырынан бери өзгөрүү алып келген, ошол кездеги эң алдыңкы технологиянын ээлери болгон. Көчмөндөр беш миң жыл мурун жылкыны колго үйрөтүшкөн. Дүйнөнү дүңгүрөткөн салт атчандардын маданиятын калыптандырды. Кубаттуу курал-жарактарды жана кереметтүү зер буюмдарды жасаган. Сак доорундагы алтын адамдар буга ачык-айкын  далил.

Мамлекет башчысынын айтымында, көчмөндөр оюну ата-баба аманат кылган асыл мурасты көздүн карегиндей сактап, өсүп келе жаткан муунга өткөрүп берүү максатынан жаралган уникалдуу долбоор.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Мындан он жыл мурун биринчи жолу ушул мелдешти уюштурган кыргыз бир туугандарга рахмат айтам. Бул дүйнөдөгү эң ири улуттук спорттук мелдеш. Муну Көчмөндөр Олимпиадасы десек болот. Бул оюндар талаа цивилизациясын дүйнөгө көрсөтөт. Спорт - бул  өз ара урмат жана сыйлоонун символу. Спорттун негизги миссиясы – элдердин ортосундагы достукту чыңдоо. Казакстан тынчтыктын жана ынтымактын мекени катары дүйнөгө белгилүү.

Быйылкы Көчмөндөр оюндарына Азия, Европа, Түндүк жана Түштүк Америка, Африка, ошондой эле Австралиядан спортчулар келишти. Ал эми оюндардын ачылыш аземин өлкөнүн бир нече каналдарынан тышкары Түркия, Кыргызстан, Орусия, Татарстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын каналдары түз алып көрсөтүштү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков