Эл аралык кол өнөрчүлөр көргөзмөсү

Эл аралык кол өнөрчүлөр көргөзмөсү

Ар биринин жасаган иши кайталангыс боёкту көрсөтүп, өлкөнүн өзгөчөлүгүн баса белгилейт. Жамбылдык усталар да өз өнөрлөрүн тартуулашты. Райондун борборунда алардын саны 78, басымдуу бөлүгү кийизден жасалган буюмдарды жасоо менен алектенгендиктен, кол өнөрчүлүктүн бул түрүн шаардын брендине айлантууну көздөшүүдө.

Айдархан Калиев, Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин мүчөсү:

- Жүндөн жана кийизден жасалган буюмдарга басым жасадык. Мындан тышкары Бүткүл дүйнөлүк кеңеш статус бергенде анын канчалык чийки зат менен камсыз болгонуна көңүл бурат. Бирок бизде жүн чийкизаты жетиштүү, аны кайра иштетүүгө да үлгүрбөй жатабыз десек болот. Бул улуттук байлык, аны сактоону, коргоону, заманбап шарттарга ылайыкташтырууну талап кылат.

Джаббар Катри, көргөзмөнүн катышуучусу:

- Мен Индиядан көргөзмөгө өлкөбүздүн жибек буюмдарын, улуттук кийимдерин алып келдим. Мындай масштабдагы иш-чаралар дүйнөнүн ар кайсы шаарларынын маданияты жана салттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Биз аларга келечекте сөзсүз катышабыз.

Мындай чоң көргөзмө Таразды дүйнөлүк кол өнөрчүлөрдүн шаарларынын тизмесине расмий киргизүүнүн алкагында өттү. Маалыматка ылайык, ал 57-болду. Ал эми Казакстандан облус борбору биринчилерден болуп тизмеге кошулду. Тараздан тышкары Түркестан жана Алматы катышууга арыз беришти. Эксперттер бардыгын: тарыхты да, кол өнөрчүлүктүн азыркы өнүгүшүн да эске алышкан.

Айжан Беккулова, Казакстандын кол өнөрчүлөр кеңешинин төрайымы:

- Бул кол өнөрчүлөр үчүн базанын болушу, алардын саны, кол өнөрчүлүктүн түрлөрү, продукциянын сапаты жана көп түрдүүлүгү. Өнөр кандай өтүп жатат, муундардын уландысы барбы. Алар бизди мектептерде, Пионерлер сарайында, жада калса аялдар борборунда, бардык жерде окуу процесси жүрөт, кичинекей балдар да, чоңдор да алектенишет. Бул кол өнөрчүлүк өлбөйт дегенге ишендирет.

Тарыхчылар эки миң жылдык тарыхы бар Тараз өнүккөн кол өнөрчүлүк менен атагы чыгып, Улуу Жибек жолундагы негизги шаар болгонун айтышат. Бул жөнүндө табылгалар далилдеп турат. Акыркы жарым кылымда археологдор аймактан үч жарым миңден ашык экспонаттарды табышкан. Алардын арасында - алтын, күмүш жана керамикалык буюмдар бар.

Сауран Калиев, тарыхчы-археолог:

- 2015- жана 2017-жылдары байыркы Тараз шаарынын ордунда археологиялык казуу иштеринин жүрүшүндө уникалдуу алтын жана күмүш жасалгалары бар 2 кумура табылган. Алар 10-11-кылымдарга таандык. Аларды изилдеген окумуштуулар жергиликтүү зергерлер менен кол өнөрчүлөр тарабынан жаралганын аныкташкан. Ал эми бул Тараз шаарында көркөм кол өнөрчүлүк эзелтеден эле гүлдөп турганынан кабар берет. Башкача айтканда, бул отурукташкан маданияттын өнүгүшү.

Бардык ырастоочу фактылардын негизинде эксперттер Тараздын дүйнөлүк кол өнөрчүлөрдүн шаарларынын тизмесине кирүүсү абдан туура деп эсептешет. Бул кызматташтыктын горизонтторун кеңейтип, Казакстанды дүйнөлүк аренада ого бетер таанытууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков