Сакен Сейфуллиндин мурасы

Сакен Сейфуллиндин мурасы

Сатпаевде казак адабиятынын негиздөөчүсү Сакен Сейфуллиндин мурда белгисиз болгон кол жазмалары сунушталды. Калаада республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Белгилей кетсек, быйыл Сакен Сейфуллиндин 130 жылдыгы белгиленет. Улытау облусунда да, бүткүл өлкө боюнча да белгилүү казак акыны жана жазуучусунун чыгармачылык мурасын изилдөө жана пропагандалоо боюнча ар кандай иш-чаралар өтүүдө.


Серик Оспанов, Казакстандын эмгек сиңирген артисти, Сакен таануучу:


- Сакенге арнап жалпы үч китеп жаздык. Мен өзүм өнор адамы болгондуктан,  Сакендин музыкалык мурасын изилдеп, 15 ырды нотага салып, Алтын фонддон издеп, эл арасынан ырларын таап, Сакендин 14 ырын нотага салып чыгардык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков