Алматыда автономдуу китепканалар пайда болду. Эми шаар тургундары салттуу окуу залына барбай эле китептерди тандай алышат. Мегаполистин коомдук жайларында-метро станцияларында, калкка кызмат көрсөтүү борборлорунда, соода жана жаштар коомдук борборлорунда биринчи жолу 24 заманбап аппарат орнотулду. Бир түзмөктө 250 китеп жайгаштырылат. Ал эми кызматты окурмандар билетинин жардамы менен колдонууга болот. Бүгүнкү күндө анын пайдасын күн сайын ондогон адамдар көрүшүүдө. Китепкананы пайдалануучулардын арасында Аружан Диханшиева да бар. Ал 5 айдын ичинде классикадан баштап заманбап жазуучулардын 5 китебин окууга жетишти.
Аружан Диханшиева, Алматы шаарынын тургуну:
- Мен китепти көп окугандыктан дайыма китептерге акча коротчумун. Бул автономдуу китепканалардын аркасында өзүмө каалаган китептерди ала алдым. Өзгөчөлүгү 3төн ашык китеп берилет экен.
Китеп сүйүүчүлөрү адабияттарды алдын-ала буйрутма кыла алышат жана кайтарууну көзөмөлдөө тутуму жараянды ыңгайлуу жана ачык-айкын кылат.
Улан Оразгалиев, Алматы шаары электрондук китепкана ресурстары кызматы башчысынын орун басары:
- Окурмандар билетин Алматы шаарынын 26 филиалынын биринен алууга болот. Анын жардамы менен китептерди аппараттан 2 жумага чейин алууга же жеке кабинеттен узартууга болот. Бардык китептер көзөмөлдө жана окурманга эч кандай көйгөй жаратпайт.
Адистердин айтымында, мындай автономдуу китепканалар өзгөчө жаштардын кызыгуусун жаратууда
Которгон: Илгиз Жамалбеков

