Быйыл турак жай курулушун өнүктүрүүгө 1 трлн теңге жумшалды

Быйыл турак жай курулушун өнүктүрүүгө 1 трлн теңге жумшалды

Быйыл Казакстанда 18 миллион чарчы метр турак жай курулат. Бул рекорддук көрсөткүч. Жалпысынан 2030-жылга чейин республикада 111 миллион чарчы метр турак жай тургузулуп, 1 миллиондон ашык үй-бүлөнү жаңы үй менен камсыз кылуу мерчемделип жатат. Бул жаатта Өкмөт социалдык аялуу топтогу калкка ижарага бериле турган турак жай менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүп жатат. Бул максатта 22 миңден ашык батир сатып алуу мерчемделип жатканын өнөр жай жана курулуш министри өкмөттүн жыйынында белгиледи. Мындан тышкары, акимчиликтер мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу 10 миң насыялык батир курууну көздөп жатат. Муну менен катар, өлкөдө алдыдагы айда сатып алуу укугу менен ижарага берилүүчү турак жай программасы ишке кирет.

Канат Шарлапаев, Өнөр жай жана курулуш министри:

- Өкмөт сатып алуу укугу менен берилүүчү арендалык турак жай көлөмүн бир нече эсеге көбөйтүп, жаңы ипотекалык программаны ишке киргизүүгө тийиш. Механизмдердин негизги шарттарына токтоло турган болсом, акимчиликтер жеке курулуш компанияларынан аянты 80 чарчы метр болгон жаңы турак жайды сатып алат. Өкмөт тиешелүү нормаларды кабыл алды, каржылоо бугу айында башталат. Буга байланыштуу кезекте тургандарга ижаралык турак жайды менчиктештирүүгө укук берген мыйзам долбоору Мажилисте каралып жатат.

Ошондой эле, келерки айдан тарта Казакстанда жаңы жеңилдетилген ипотекалык программа ишке кирет. Ал 7 пайыздык үстөк менен насыя алууга мүмкүнчүлүк берет. Канат Шарлапаев белгилегендей, программанын алкагында 30%дан ашпаган суммага кичи шаарларда жана калктуу конуштарда турак жайды экинчи базардан сатып алууга болот. Жалпысынан быйылкы жылы бөлүнө турган 300 миллиард теңгеге 12 миң ипотекалык насыя берүү көздөлгөн. Мындан тышкары, жыл сайын 8 миң насыя берүү үчүн 200 миллиард теңге каралат. Жалпысынан быйылкы жылы турак жай курулушун өнүктүрүүгө 1 триллион теңгеден ашык каражат бөлүндү. Бул 64 миң казакстандыкка жаңы турак жай алууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков