Казакстанда улуттук фонддун активдерин башкаруу концепциясы иштелип чыкты

Казакстанда улуттук фонддун активдерин башкаруу концепциясы иштелип чыкты

Казакстанда бул сумманы 2030-жылга чейин өлкөнүн Улуттук фондуна топтоо пландалууда. Аталган  каражаттарды Балдар үчүн улуттук фонддун программасын ишке ашырууга багыттоо көздөлүп жатат. Учурда активдерди башкаруунун атайын концепциясы иштелип чыгууда. Ал 7 жылга эсептелген. Документте сактык портфелинин негизги үлүшү же 60 пайызы баалуу кагаздары болору белгиленген. 30 пайызы – акциялар жана онго жакыны – алтын жана башка альтернативалуу инструменттер. Белгилей кетсек, жаңы бөлүштүрүү өнүккөн өлкөлөрдүн мамлекеттик облигацияларынын жана башка баалуу кагаздардын портфелин кеңейтүүнү да камтыйт. Концепциянын өзү инвестициялык процесстин пайдубалын түзөт жана активдерди башкаруунун натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн аныктайт. Долбоор Ченемдик укуктук актылар порталында талкуулоо үчүн жайгаштырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков