Казакстан келерки жылы долбоорлорду өнүктүрүү үчүн ЕӨБдан 1 миллиард доллардан ашык каражат алышы мүмкүн. Негизинен эл аралык каржы уюму жалпы суммасы 2 миллиард 400 миллионго жакын долбоорлорду карап жатат. Бул тууралуу банктын башкарма төрагасынын орун басары Руслан Даленов билдирди. Анын айтымында, бөлүнө турган каражат Алматыдагы ЖЭБ-3тү газга өткөрүүгө, Түркестандагы газ орнотмосунун негизинде электр станцияларын, Жамбыл жана Костанай облустарында шамал электр станцияларын курууга жумшалат. Жалпысынан жакынкы беш жылда Евразия өнүктүрүү банкы ички долбоорлорго АКШ валютасында 3,8 миллиард инвестиция салууну көздөөдө. Ошол эле учурда банк быйылкы жылы республиканын экономикасына 1,2 миллиард доллар инвестиция салган. Даленовдун айтымына караганда, дээрлик 200% казакстандык долбоорлор жүзөгө ашырылып жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков