Ата мекендик өндүрүштүн дараметин максималдуу жогорулатуу - бул экономикалык өсүштүн кепилдиги, башкача айтканда, бүтүндөй өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү. Мамлекет башчысы кезектеги кайрылуусунда аталган тармакты тез арада жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Буга байланыштуу жогорку деңгээлде кайра иштетилген өнүмдү чыгарган кластер түзүү максаты коюлган. Бул багытта президент 15тен кем эмес ири өнөр жай долбоорлорунун так тизмесин түзүүнү тапшырды. Ири демилгелер үч жылдын ичинде жүзөгө ашырылышы керек. Бул милдет республикада жаңыдан түзүлгөн өндүрүш жана курулуш министрлигинин мойнунда.
Мукаш Ескендиров, Парламент Мажилисинин депутаты:
-Эми ошол 15 долбоордун тизмесин жаңы министрден күтүп
жатабыз. Анткени бул жерде, менимче, өлкөбүзгө прагматикалык жагынан карашыбыз
керек. Мамлекетибиздин өзүнүн чийки заты бар, адистерибиз бар, каржылык
институттарыбыз бар, инвесторлордун каражаттары бар, ошонун эсебинен бул
долбоорлорду ишке ашыруу керек деп ойлойм. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев
биздин экономика биринчи кезекте өндүрүштүн алкагы экенин айтты. Муну жасашыбыз
керек деди. Менимче, экономикабыздын локомотиви болгон өндүрүштү өнүктүрбөй
туруп, биздин жаңы экономикалык моделибизди түзүү өтө кыйын.
Тогуз жолдун кесилишинде жайгашкан өлкөнүн дагы бир стратегиялык милдети – транспорттук-логистикалык тармактын дараметин толук пайдалануу. Президент бул багыт экономиканын негизги кыймылдаткычына айланышы керектигин айтты. Жакынкы 3 жылда өнөр жайдын ички дүң өнүмүндөгү үлүшү 9%дан кем эмес болушу керек. Ички байланышты жана транзитти чыңдоого басым жасалууда. Кургак, деңиз жана аба инфраструктурасы жанданат. Өлкөнүн жолдору эл аралык коридорлор менен байланышат.
Нуртай Сабильянов, Парламент Мажилисинин депутаты:
-Президент өз кайрылуусунда жаңы министрликтерди түзүү
керек деп чечим кабыл алды. Учурда Транспорт министрлиги түзүлүп, анын министри
дайындалды. Транспорт тармагына байланыштуу көптөгөн көйгөйлөр бар. Башкача
айтканда, жаңы министрлик түзүү менен бул көйгөйлөрдү чечүү жагы колго алынат. Андан
кийин жаңы министрликтин карамагында ишке аша турган чоң долбоорлорубуз бар.
Мисалы, Бахти-Аягөз темир жолун куруу. Же Дарбаза-Мактаарал темир жолун салуу.
Министрлик транспорт тармагына байланыштуу башка дагы чоң иштерди аткарат деп
ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков