Өткөн
жылы Казакстан менен Словакия ортосундагы товар жүгүртүү 140 миллион долларды
түздү. Эки тараптуу мамилелерди чыңдоо механизмдери Акордада талкууланды.
Казакстанга расмий сапар менен Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо келди.
Президент Касым-Жомарт Токаев тар курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бул сапар
казак-словак өнөктөштүгүн
бекемдеп, эки тараптуу мамилелердин жаңы баскычына жол ачыларын белгиледи. Андан
кийин Касым-Жомарт Токаев менен Роберт Фицо эки өлкөнүн делегацияларынын
катышуусунда сүйлөшүүлөрдү улантышты. Мамлекет башчысы Словакияны Казакстандын
Европадагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү деп атады.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Астана менен
Братиславанын ортосунда мазмундуу саясий диалог түзүлгөн. Соода-экономикалык
жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү байланыштарыбыз жылдан жылга өнүгүүдө.
Келишимдик-укуктук негиз калыптанды. Эки өлкөнүн ортосундагы соода алака артып
келүүдө. Казакстанда 30дан ашык словакиялык компания ийгиликтүү иштеп жатат.
Президент
кызматташтыкты мындан ары да ар тапртандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Энергетика, өнөр жай өндүрүшү, айыл чарба, логистика, санариптештирүү жана
өзгөчө маанилүү чийки зат тармагында чоң дарамет бар. Казакстан Словакияга
мунай жана газ, уран, азык-түлүк товарларын экспорттоого даяр. Тараптар
сооданын көлөмүн көбөйтүү маселесин талкуулашты. Ошондой эле инвестициялык
интеграцияны тереңдетүүгө көңүл бурулду. Бул жагынан өкмөттөр аралык комиссия
маанилүү роль ойнойт. Президент комиссиянын теңтөрагаларынын деңгээлин
министрлердин даражасына көтөрүүнү сунуштады.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Аскердик-техникалык
байланыштын дарамети эбегейсиз. Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз
Транскаспий эл аралык транспорттук коридорун биргелешип пайдалануу
мүмкүнчүлүгүн талкууладык. Бул стратегиялык мааниге ээ соода жолдорунун бири.
Мен биздин словакиялык өнөктөштөрдү ушул коридорду өнүктүрүү боюнча долбоорго
катышууга чакырдым. Бул чөйрөдөгү интеграция өз ара соодага жаңы дем берүүгө
тийиш.
Тараптар маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун
маанилүүлүгүн баса белгилешти. Жаштар эки өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим
алып жүрүшөт. Алар калк арасын мындан бетер жакындаштырат. Касым-Жомарт Токаев
жана Роберт Фицо мамилелердин тарыхы терең экендигин белгилешти. Казак
жоокерлери Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Словакияны бошотууга активдүү
катышкан. Казакстан менен Словакия көптөгөн глобалдык тенденцияларга жана
чакырыктарга карата окшош позицияларга ээ. Ошондуктан кош мамлекет
дипломатиялык байланыштарды тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Которгон: Илгиз Жамлабеков

