Казакстан «жашыл» энергетикага 3,7 миллиард доллар инвестиция тартты. Бакуда өткөн
дүйнөлүк климаттык саммитте тиешелүү документтерге кол коюлду. Атап айтканда,
Казакстандын энергетика министрлиги менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосунда өз
ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүлдү. Ал каржы институтунун энергияга өтүү
механизми аркылуу көмүртектин нейтралдуу максаттарына жетүү үчүн кызматташууну
көздөйт. Анын максаты-кайра жанма энергия булактарын колдонууну көбөйтүү, энергиянын
натыйжалуулугун арттыруу жана энергия өндүрүшүнө жаңы технологияларды киргизүү. Кытай менен дагы бир
келишим түзүлдү. Ал кайра жанма энергия булактары тармагындагы долбоорлорду
ишке ашырууга багытталган. Инвесторлор кубаттуулугу 4 гигават болгон 22 объект
кура тургандыгы белгилүү болду. Долбоорлорду 2035-жылга чейин ишке ашыруу көздөлүп жатат. БАЭдеги компания шамал станциясын курат. Ал Жамбыл облусунда
жайгашат. Долбоор боюнча
инвестициянын суммасы-1,5 миллиард доллар.
Алмасадам
Саткалиев, энергетика министри:
- Казакстанда
мындай технологиялардын, технологиялык чечимдердин болушу көмүртектин изин
азайтуу, көмүртексиз өнүгүү максаттарына жетүү жагынан реалдуу жетишкендиктерди
мүнөздөйт. Биздин күн тартибибизде шамал боюнча кайра жанма энергия булактары,
күн, биогаз, чакан ГЭС, орто ГЭС объектилери бар. Башкача айтканда, жалпысынан ар
тараптандырылган портфель болот.
Бүгүнкү күндө Казакстанда 148 жаңылануучу энергия булагы
иштеп жатат. Алардын жалпы электр энергиясын өндүрүүдөгү үлүшү 6,6% түзөт.
2030-жылга чейин ал 30%, ал эми 2050-жылга чейин 50% жетиши керек, дешет серепчилер.
Жакып Хайрушев, «Атамекен» улутуттук палатасынын башкаруучу мүдүрү:
- Күтүлүп жаткан электр энергиясынын экспорту жалпы Казакстанда кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүүгө түрткү берет. Ошондой эле, тиешелүү инвестициялардын агымы. Бул экономика үчүн абдан жакшы. Экинчи жагдай, албетте, биз казакстандык бизнеске да, чет элдик инвесторлорго да бүгүнкү күндө Казакстанда мындай технологияларды өнүктүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөр жеткиликтүү деген белги берип жатабыз. Азыркы учурда мыйзамдык база, институционалдык база мындай долбоорлорду тез-тез өстүрүүгө жана абдан тартымдуу кылууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков