Өлкөдө улуттук санариптик инвестплатформа пайда болот

Өлкөдө улуттук санариптик инвестплатформа пайда болот

Казакстанда улуттук санариптик инвестициялык платформа пайда болот. Быйыл аны ишке ашыруунун биринчи этабы аяктайт деп күтүлүүдө. Тактап айтканда, «Инвестицияларды тартуу боюнча демилге берүү», «Жол картасын түзүү» сыяктуу бизнес-жараяндар автоматташтырылат. Бул инвестиция тартууга эле эмес, инновацияга, жумуш орундарын түзүүгө жана Казакстандын жалпы экономикалык өсүшүнө да салым кошот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Инвестициялар боюнча комитети билдирди. Ага ылайык, платформада учурдагы долбоорлор жана инвестиция жаатындагы эрежелер боюнча маалыматтар камтылат. Мындай системаны ишке киргизүү инвесторлорго Казакстандын экономикасына жеңилирээк жана эффективдүү катышууга жана мамлекеттик органдар менен ар тараптуу жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Айта кетсек, өткөн жылы өлкөгө түз чет элдик инвестициянын агымы 28 миллиард доллардын тегерегинде болгон. Бул акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүч.  

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков