ЭВФ дүйнөлүк экономика алсыздай турганын болжолдоду

ЭВФ дүйнөлүк экономика алсыздай турганын болжолдоду

Теке айында дүйнөлүк экономика бир топ начарлайт. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү билдиришти. Уюмдун маалыматына таянсак, мындай божомол жасоого көп негиз бар. Бүгүнкү күндө мамлекеттер ар кандай каатчылыктарга кабылууда. Мисалы, азык-түлүккө жана энергияга баалар өсүп, өнүгүп келе жаткан рынокторго капиталдын агымы азайды жана коронавирустук пандемия дагы эле уланууда. Мунун баары дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизип жатат. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын чын куран айында валюта фонду Украинадагы кырдаалга байланыштуу дүйнөлүк экономиканын өсүү болжолун төмөндөткөн. Бул жатта фонддун адистери айдын аягына чейин экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы сценарийин даярдашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков