Санариптик валютанын тобокелдиктери

Санариптик валютанын тобокелдиктери

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү жаңы санариптик валютаны иштеп чыгуу менен алектенүүдө.

Бирок анын өзүнүн тобокелчиликтери бар. АКШнын Fitch рейтинг агенттигинин маалыматы боюнча, санариптик валютаны киргизүү көптөгөн өлкөлөрдүн кибер коопсуздугуна коркунуч келтирип, алардын экономикасын солгундатат. Ошондой эле, каражаттын банктык эсептеринен электрондук акчаларга кескин өтүүгө алып келиши мүмкүн, бул анын ролун начарлатат жана каржы институтуна терс таасирин тийгизет. Аны менен катар, жарандардын электрондук капчыктарда сакталган акчалары мамлекеттик органдарга жеткиликтүү болот. Жалпысынан алганда, санарип валюталар салттуу каржы тутумун бузушу мүмкүн, дешет серепчилер. Бирок ага карабастан, бир катар өлкөлөрдө пилоттук долбоорлор башталды.

Азырынча бул багытта Багам аралдары менен Камбоджа алдыда келе жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков