Казакстанда санариптик майнерлер үчүн жаңы дифференцияланган тарифтер түзүлдү. Прогрессивдүү шкала келээрки жылдын үчтүн айынан тарта колдонула баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик кирешелер комитети билдирди. Эске салсак, буга чейин санариптик валютаны өндүрүүчүлөр үчүн тариф бирдей болгон – бир киловатт-саат үчүн 1 теңге. Эми башкармалыктын өкүлдөрүнүн айтымында, тарифтин градациясы майнердин электр энергиясына канча сарпталарына жараша болот. Бул үнөмдөөгө мүмкүн берет, бирок сизде жарык керектөө көлөмүн эсепке алган көзөмөлдөөчү түзүлүштөр болгон шартта. Эгерде алар жок же жараксыз болсо, анда 1 киловатт-саат үчүн электр энергиясына 25 теңгеден төлөөгө туура келет. Эң жогорку чен боюнча, майнерлер бир эле учурда ар кандай төлөм чендерин колдонуу үчүн негиздер бар болсо да төлөшү керек болот.
Айнур Сартаева, мамлекеттик киреше комитети бөлүмүнүн башчысынын орун басары:
- Арзан электр энергиясы үчүн жогорку төлөм колдонулат. Анын масштабы 25 тенгеге жетет. Кымбат электр энергиясын колдонгон учурда 1 киловатт-сааттын баасы 24 теңге же андан жогору болсо, 1 теңге өлчөмүндөгү минималдуу төлөм чени колдонулат. Кайра жанма энергияны пайдаланууда 1 киловатт-саат үчүн 1 теңге болот. Өздүк электр энергиясын колдонууда төлөм 1 киловатт-саат үчүн 10 теңгеден төлөнөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков