Президент Касым-Жомарт Токаев Сингапурга мамлекеттик сапар менен барды. Мамлекет башчысын өлкө башчысы Тарман Шанмугаратнам тосуп алды. Салт боюнча Казакстандын жана Сингапурдун гимндери ырдалып, ардактуу кароолдун башчысы рапорт берди. Салтанаттан кийин эки өлкөнүн мамлекет башчылары сүйлөшүү залына барышты. Сапардын алкагында Касым-Жомарт Токаев Сингапурдун топ-менеджменти, ири эл аралык компаниялардын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Казакстан-Сингапур бизнес форумунун ишине катышуу мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков