Мектеп окуучуларынын арасында улуттук баалуулуктарды калыптандыруу. Астанада өткөн эл аралык форумда серепчилер, мугалимдер эски салттарга негизделген руханий-адеп-ахлактык тарбиясы тууралуу ой-пикирлерин бөлүштү. Алардын айтымында, ааламдашуу доорунда өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо аркылуу баалуулуктарды жоготпой, маданий кодду сактап калуу маанилүү. Ал үчүн өсүп келе жаткан муун өз элинин каада-салтын билиши керек. Ал эми муну, мисалы, эмгек же ыр сабагында үйрөтүүгө болот. Иш-чаранын жүрүшүндө кол өнөрчүлөр кызыккандарга кошумча мастер-класстарды да өткөрүштү.
Салтанат Жапарова, Казакстан этно-дизайнерлер биримдигинин президенти:
- Маданият менен салтты айкалыштырган бул чоң этно-форумдун максаты – ата-бабадан келе жаткан улуттук кол өнөрчүлүктү, жалпы маданиятыбызды даңазалап, жаш муундардын аң сезимине сиңирүү. Биздин иш-чара искусство мугалимдеринин тажрыйбасын жана чеберчилигин жогорулатуу максатында уюштурулду. Алар биздин окуучуларыбызды, башкача айтканда, биздин урпагыбызды тарбиялоочулар. Балдарыбызды да кошууну туура көрдүк. Форум алкагында кыздарыбыз ийик ийрүү, балдарыбыз камчы өрүү боюнча күч сынашат.
Эл аралык форумдун алкагында улуттук кийимдер, оюндар жана тамак-аштар тааныштырылды. Өз эмгектерин Казакстан эле эмес, Түркия, Азербайжан, Якутиянын кыл калем чеберлери менен кесипкөй модельерлери сунуштады. Форумга Кыргызстандан Максат Сайнидинов келген. Чебер бүгүнкү күндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өнөрүнө кызыгуу дүйнө жүзүндө күчөп баратканын мурдатан эле байкаганын айтат. «Жаштар хобби катары караса жакшы болмок, эмгек рыногунда да суроо-талап артаары анык», - дейт ал.
Максат Сайнидинов, чебер:
- Бүткүл дүйнө жүзүндө биздин түрк элдердин чеберчилиги, кол өнөрчүлүгү өтө маанилүү, өзүнүн алгылыктуу орду бар. Казак, кыргыз, өзбек кол өнөрчүлөрү бүт дүйнөдө - Европада, Америкада өз боз үйлөрүн тигип, улуттук кийимдерин кийип, көрсөтүп жатышат. Азыр биздин улуттук кийимибиздеги оймолор, алардын философиясы, чечмелениши түп тамырына барганда эң байыркы жаралган оймолор болуп эсептелинет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков