Касым-Жомарт Токаев Премьер-Министрдин суу ташкынын кесепеттерин жоюу жана жардам көрсөтүү боюнча докладын укту

Касым-Жомарт Токаев Премьер-Министрдин суу ташкынын кесепеттерин жоюу жана жардам көрсөтүү боюнча докладын укту

Касым-Жомарт Токаев Премьер-Министрдин суу ташкынын кесепеттерин жоюу жана табигый кырсыктан жапа чеккен казакстандыктарга жардам көрсөтүү боюнча докладын укту. Мамлекет башчы бул багыттагы иштерди активдештирип, жабыркагандарды сапаттуу турак-жай менен камсыз кылууну, шаарларда жана кичи райондордо жарандык инфраструктураны оңдоо жана куруу иштерин баштоону тапшырды. Президенттин айтымында, жергиликтүү аткаруу органдарынын жетекчилери жарандар менен жигердүү жана натыйжалуу иш алып барууга, келип чыккан маселелер менен жүйөлүү талаптарды чечүү боюнча мамлекеттик саясатты жана көрүлүп жаткан чараларды түшүндүрүүгө милдеттүү.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 24 миңден ашуун казакстандык үй-бүлөгө жалпы суммасы 9 миллиард теңгеден ашык бир жолку төлөм берилди. 200дөн ашык үй-бүлө кыйраган турак жайлардын ордуна жаңы үйлөргө жана батирлерге көчүп киришти. Ал арада Актөбе, Павлодар, Батыш жана Түндүк Казакстан облустарында суу каптоодон жабыркаган казакстандыктар үчүн 658 жаңы үй курулууда. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери уланып, бийлик органдарынын катуу көзөмөлүндө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков