Касым-Жомарт Токаев Петер Мадьярды парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Касым-Жомарт Токаев Петер Мадьярды парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Касым-Жомарт Токаев Петер Мадьярды Венгриядагы парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Мамлекет башчысы добуш берүүнүн жыйынтыгы венгр элинин TISZA партиясынын жетекчилигине жана анын программасына болгон жогорку ишенимин чагылдырарын белгилеп, Венгриянын мындан аркы туруктуу өнүгүүсүнө ишеним билдирди. Ошондой эле, Астана Будапешт менен стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого чоң маани берерин баса белгилеп, эки өлкө элинин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин ырастады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков