Президенттик шайлоо: Эки мекеме коомчулуктун пикирин сурамжылоону пландоодо

Президенттик шайлоо: Эки мекеме коомчулуктун пикирин сурамжылоону пландоодо

Казакстандагы президенттик шайлоодо эки мекеме коомдук пикирди сурамжылоону пландап жатат. Тиешелүү билдирүүлөр өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына “Коомдук пикир” изилдөө институту жана “АМАНАТ” партиясынын Коомдук саясат институту тарабынан берилген. Борбордук шайлоо комиссиясы, коомдук пикирди сурамжылоону республиканын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган, жана бул жаатта беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар юридикалык жактар ​​жүргүзүүгө укуктуу экенин айтты. Алар БШКга сурамжылоо жүргүзө турган адистер, коомдук пикирди сурамжылоо өткөрүлө турган аймактар, колдонулган талдоо ыкмалары жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Ошондой эле шайлоо күнүнө беш күн калганда жана шайлоо күнү талапкерлерди же саясий партияларды колдоо боюнча сурамжылоонун жыйынтыктарын жана болжолдоолорун интернетке жарыялоого болбой турганын эскертти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков