Казакстан менен Германия мунай жана газ химиясы, металлургия, транспорт жана логистика сыяктуу келечектүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аракеттерди жандандырмакчы. Бул макулдашуулар мамлекет башчысынын Германияга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев менен федералдык канцлер Олаф Шольц соода-экономикалык, инвестициялык, жашыл энергетика жана башка тармактарда кызматташууну активдештирүүнү макулдашышты. Ошондой эле, мамлекет башчысы чийки затты иштетүү боюнча консорциум түзүүнү сунуштап, Казакстан германиялык бизнестин ички рынокто орун алышы үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр экенин белгиледи.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
-Германия - Казакстандын
Евробиримдиктеги стратегиялык өнөктөшү болуп саналат, өзгөчө өз ара
соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелер жолго коюлган. Мен
сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жогору баалайм. Ал эки тарап тең казак-герман
мамилелерин мындан ары да чыңдоого дилгир экендигин дагы бир жолу ырастады.
Азыркы кырдаалда Казакстан менен Германия эки өлкөнүн тең туруктуу өнүгүүсүн
камсыз кылуу максатында жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга
прагматикалык жагынан карашы керек. Буга бизде саясий эрк жана эбегейсиз зор
экономикалык дарамет бар.
Президент Казакстандын алдыңкы европалык компаниялар менен жетишилген келишимдерин жогору баалады.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
-Мен бүгүнкү
жолугушуунун алдында Siemens Energy, Linde жана башка негизги өнөктөштөр менен
маанилүү коммерциялык келишимдерге кол коюуну кубаттайм. Бул документтер биздин
мамлекеттерибиздин ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары чыңдоого түрткү
берет.
Касым-Жомарт
Токаев негизги артыкчылыктардын бири катары энергетика тармагындагы
кызматташтыкты өнүктүрүүнү атады. Ошондой эле, ал Транскаспий транспорттук багытынын
транзиттик дараметин жогорулатуу, ошондой эле аны Трансевропалык транспорт
тармагы жана Global Gateway демилгеси менен айкалыштыруу боюнча биргелешип
иштөөгө даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, агроөнөр жай сектору, каржы,
инновация, санариптештирүү тармактарында кызматташууну чыңдоого чоң мүмкүнчүлүк
бар экенин атап өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков