641 эл аралык байкоочу катталды

641 эл аралык байкоочу катталды

Шайлоо процессине 641 эл аралык байкоочу көз салат. Катталгандардын арасында 10 эл аралык уюмдан 532, ошондой эле 35 чет өлкөдөн 109 байкоочу бар. Эл аралык уюмдарды жана чет элдик байкоочуларды аккредитациялоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында белгилүү болду. Кошумчалай кетсек, бул жолу шайлоочулар жеке күбөлүктүн электрондук версиясын пайдалана алышат. Анткени, бул баштапкы документтин аналогу. Андыктан жарандар шайлоодо EGOV mobile, мобилдик банкинг тиркемелери аркылуу санариптик күбөлүктү колдоно алышат.

Нурлан Абдиров, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:

Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочулардын тизмеси боюнча электрондук күбөлүк көрсөтүүдө шайлоочуга добуш берүү бюллетенин берүүгө милдеттүү. Президенттик шайлоого даярдыктын жүрүшүндө, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, документтин тууралыгын текшерүү боюнча кошумча окуудан өтүштү.

Буга кошумча, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын ишин камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда. Белгилей кетсек, шайлоо күнү 53 өлкөнүн 68 шайлоо участогунда 12 миңден ашуун казакстандык добуш берери күтүлүүдө. Чет өлкөдө добуш берүү процессине өз убагында жана толук даярдык көрүү үчүн Казакстандын жарандары алдын ала жакынкы шайлоо участогуна кайрылып, тизмеге киргизүү үчүн маалыматтарды тапшырышы керек. Мында добуш берүү жетинин айынын 20да жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков