Касым-Жомарт Токаев менен Александр Стубб «Казакстан – Финляндия» бизнес форумуна катышты

Касым-Жомарт Токаев менен Александр Стубб «Казакстан – Финляндия» бизнес форумуна катышты

Казакстан менен Финляндия өз ара кызматташтык горизонтун кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Астанада тараптар эки жактуу бизнес-форумда өнөктөштүктүн жаңы багыттарын талкуулашты. Анын ишине өлкөлөрдүн президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Александр Стубб катышты. Мамлекет башчысы транспорт-логистика арадагы карым-катнаштардын дараметтүү багыттарынын бири экенин белгиледи. Касым-Жомарт Токаев фин ишкерлерин өлкөнүн аталган тармактагы артыкчылыктары менен тааныштырып, Транскаспий эл аралык транспорт багытынын өнүгүшү тууралуу маалымат берди. Президент аймакда натыйжалуу мультимодалдык транспорт системасын курууда Nurminen Logistics компаниясынын олуттуу салымын белгиледи.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Биз тажрыйба жана алдыңкы технологиялык чечимдерди алмашуу аркылуу Хельсинки жана Хамина-Котка сыяктуу фин порттору менен кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулабыз. Бул өлкөлөрүбүздүн ортосундагы интеграциянын жаңы багыты болмокчу. Фин компанияларын Европа менен Борбордук Азиянын ортосунда натыйжалуу жана туруктуу транспорттук байланышты орнотууга салым кошуп, күч жумшоого чакырабыз.


Мамлекет башчысы атом тармагына да токтолду. Президент анын кубатын өлкөнүн узак мөөнөттүү энергетикалык стратегиясынын маанилүү тиреги деп эсептээрин билдирди. Буга байланыштуу ал Казакстандын Атом энергиясы боюнча агенттиги менен Финляндиянын STUK башкармалыгы отунду тынчтык максатта пайдалануу жана тажрыйба алмашуу боюнча өнөктөштүк орнотконун белгиледи. Президент мамлекеттин жер кыртышы сейрек кездешүүчү пайдалуу кендерге бай экенин да айтты.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Өлкөбүз Европа Биримдигинин экономикасы үчүн өзгөчө маанилүү деп эсептелген, сейрек кездешүүчү 34 элементтин 21 түрүн өндүрөт. Биз так, прагматикалык ыкмага таянабыз: чийки затты инвестицияга жана технологияга алмаштырабыз. Финляндиянын Metso компаниясы минералдык чийки затты иштетүү жана өндүрүштү автоматташтыруу тармактарында алдыңкы чечимдерди сунуштап жатат. Ушул багыттагы кызматташтыктын алкагын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк көп экенин байкайбыз.


Президент айыл чарба, каржы, экология, санариптештирүү жана жасалма интеллект багыттарында кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө токтолду. Ошондой эле бизнес форумдун катышуучуларына Казакстан алдыдагы үч жыл ичинде толук санариптик өлкө болууну максат кылганын билдирди. Касым-Жомарт Токаев Финляндиянын ишкердик топторун «Астана» эл аралык каржы борбору менен байланыш түзүүгө чакырды.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Финляндия жасалма интеллект жана LUMI суперкомпьютери аркылуу өндүрүмдүүлүгү жогору эсептөөлөр тармагында алдыңкы орунда турат. Ошондуктан жасалма интеллект боюнча изилдөө жүргүзүү, маалыматтарды алдыңкы талдоо, техникалык билим берүү жана инновациялык экосистема багыттарында өнөктөштүктү жолго коё алабыз.


Казакстан – Финляндиянын Борбордук Азиядагы негизги өнөктөшү. Өткөн жылы Суомиден республиканын экономикасына куюлган түз инвестиция 80%га артып, жарым миллиард долларга жетти. Бүгүнкү күндө республикада фин капиталы бар 50гө жакын компания ийгиликтүү иштеп жатат. Казакстан алардын катышуусун мындан ары да бекемдеп, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков