Мажилис Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча келишимди ратификациялады

Мажилис Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча келишимди ратификациялады

Түрк инвестициялык фонду эл аралык каржы уюмунун макамын алышы мүмкүн. Ал эми анын түзүлүшү Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын активдештирүүгө мүмкүндүк берет. Биринчи кезекте туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга тиешелүү тармактарда. Бул тууралуу Мажилисте сөз болуп, анда депутаттар тийиштүү макулдашууну ратификациялоо үчүн добуш берип, мыйзам долбоорун Сенатка жөнөтүштү. Белгилүү болгондой, документ бардык тараптардын таанылышын талап кылат. Инвестициялык фонд түзүү демилгесин көтөргөн Азербайжан мамлекети бул жараяныды бугу айынын аягында аяктаган. Улуттук экономика министрлигинде белгиленгендей, аймактык инвестициялык механизм катары фонддун уставдык капиталы 500 миллион долларды түзөт.  Ошол эле учурда келишимде жакынкы 4 жылга өлкөнүн бюджетинен 70 миллион доллар бөлүү каралган. Мыйзамдын кабыл алынышы Казакстанга экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы долбоорлорду каржылоого мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков