Москвага иш сапары менен келген Касым-Жомарт Токаев көз карандысыз
Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына
катышты. Мамлекет башчысы КМШнын постсоветтик аймактагы ролуна токтолду. Азыркы
геосаясий туруксуздуктун жана эл аралык татаал кырдаалдын шартында өтүп жаткан
бүгүнкү жолугушуу уюмдун ишине жаңы дем берүүгө тийиш, деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
- Биздин
өлкө Азербайжан менен Армениянын тынчтык келишимин түзүүгө умтулуусун
кубаттайт. Муну менен
катар Борбордук Азия регионунда мамлекеттер
аралык чек аралардын айрым бөлүктөрүн юридикалык тариздөөнү аяктоо ишинде
олуттуу жылыш бар.
Президент «КМШ +» форматын түзүү маселесин
кароону сунуштады. Мындай аянтча Шериктештиктин аймактык байланыштарын кеңейтүү
үчүн негиз болот. Мындан тышкары, соода-экономикалык интеграция маселелери
дайыма көңүл борборунда болууга тийиш. Өлкөнүн тышкы товар жүгүртүүсүнүн
төрттөн биринен көбү ушул рынокко туура келет.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
- Мамлекеттер аралык «шериктештик жарманкеси» программасын ишке киргизүүнү сунуштайм. Анын алкагында КМШнын ар кайсы шаарларында жыл сайын сооданы кызыткан иш-чаралар өткөрүлөт. Ага Евразиянын бардык аймактарынан келген чеберлер жана дыйкандарды чакыруу керек. Биз Казакстандын эң байыркы шаарларынын бири-Таразда биринчи көргөзмөнү уюштурууга даярбыз. Бул шаар Жибек жолунун боюндагы маанилүү түйүн болгондуктан, илгертен эле «кербенчилер шаары» деп да аталган.
Мамлекет башчысы соода-экономикалык кооперациянын натыйжалуулугу транспорттук коридорлорду өнүктүрүү менен тыгыз байланышта экенин белгиледи. Мындан тышкары, Казакстан негизги эл аралык каттамдарда темир жол инфраструктурасын жапырт кеңейтүүгө киришти.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Өткөн жылы мен КМШга мүчө мамлекеттердин аймагы аркылуу өтүүчү
жолдорду өз ара байланыштыруу концепциясын иштеп чыгууну сунуштадым. Биз бул
ишти тезирээк бүтүрүшүбүз керек. Жалпысынан, «бир алкак, бир жол»,
«Түндүк – Түштүк», Транскаспий багыты
сыяктуу глобалдык долбоорлорду өз ара
координациялоо Евразия континентинде экономикалык, институционалдык жана
транспорттук-логистикалык өнүгүүнүн бирдиктүү концепциясын түзүүгө мүмкүндүк
берет.
Мамлекет башчысы студенттердин алмашуусун активдештирүү жана илимий такшалмадан өтүү үчүн «шериктештиктин Академиялык борбору» жаңы программасын ишке киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле жолугушууда мамлекет башчылары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө маселесин талкуулашты. КМШ саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтер кабыл алынды. Ал эми Кеңештин төрагалыгы Тажикстанга өттү. Буга байланыштуу кийинки саммит 2025-жылы Дүйшөмбүдө өтө турган болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков