К.Токаевдин Вьетнамга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары тууралуу биргелешкен коммюнике кабыл алынды

К.Токаевдин Вьетнамга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары тууралуу биргелешкен коммюнике кабыл алынды

Касым-Жомарт Токаевдин Вьетнамга сапары уланууда. Бүгүн президент Хайзионг провинциясында жайгашкан карапа чыгаруучу Чу Дао кыштагына барды. Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев бул жакка кесиптеши Во Ван Тхыонг менен келген. Эки өлкөнүн лидерлери даяр өнүмдөрдү  карап, карапа буюмдардын жасалуу процесси менен таанышты. Андан соң президенттер карапа идиштерди атайын станокто жасап көрүштү. Казакстан менен Вьетнамдын президенттери айылды аралап чыккандан кийин даяр өнүмдөргө жана ардактуу коноктордун китебине өз кол тамгаларын жазып калтырышты.

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаевдин Вьетнамга расмий сапарынын жыйынтыгында тараптар биргелешкен коммюнике кабыл алышты. Эки өлкө жалпысынан түрдүү багыттар боюнча 12 документке кол коюшту. Вьетнам тарап АСЕАН жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты чыңдоодо байланыштыруучу звено катары Казакстанды колдоого даяр экендигин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков