Казакстан президенти Түркияга расмий сапар менен келди

Казакстан президенти Түркияга расмий сапар менен келди

Казакстандын Президенти Түркияга расмий сапар менен келди. Анкара эл аралык аэропортунда Касым-Жомарт Токаевди Түркиянын Президенти тосуп алды. Мамлекет башчысын тосуу үчүн траптын алдында ардактуу кароол тизилип турду. Касым-Жомарт Токаев Режеп Тайип Эрдоганга меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосунда эч кандай көйгөй жок экенин белгиледи. Мамлекеттерди достук гана эмес, жемиштүү кызматташтык да байланыштырат. Белгилей кетсек, Казакстан Президентинин сапары өтө мазмундуу. Мамлекет башчылары казак-түрк стратегиялык өнөктөштүгүн андан ары чыңдоо келечегин талкуулап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков